Бишкектин бир бөлүгүндө газ үч күнгө өчүрүлөтАла-Бука, Базар-Коргон жана Москва райондорунун акимдери алмашты. Президент жарлыктарга кол койду«MedExpo Kyrgyzstan 2026»: Бишкекте 10дой өлкөнүн компаниялары катышкан медициналык көргөзмө ачылдыСадыр Жапаров бир катар шаарлардын мэрлерин алмаштырдыКРда КЖЭБ өндүрүүчүлөрүнөн электр энергиясын сатып алууга кепилдик берилген — Энергетика министрлигиКМШда Креативдүү индустриялар ассоциациясын түзүүгө киришишти
Президент Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат
12.08.2020 | 10:23
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарын улантууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков 12-13-август күндөрүндө жумушчу сапары менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат.
Жумушчу сапардын алкагында Президент медициналык, социалдык, айыл чарба, өнөр жай жана билим берүү объектилеринин ишмердиги менен таанышат. Ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясы шарттарында ирригацияны жакшыртуу, ички жолдорду реконструкциялоо долбоорлорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен жеринен кабар алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом