Бишкекте 3 стационар ишин токтотту

Бишкекте 3 стационар ишин токтотту

Бишкекте 3 стационар ишин токтотту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, төмөнкү стационарлардын иши убактылуу токтотулган:   

1) Аламүдүн-1» кичи районундагы №38 мектептин базасына ачылган күндүзгү стационар;

2) CONSUL ресторанындагы түнкү стационар;

3) «ДСК» спорт комплексинде түнкү стационар.

“Шаардыктар оорудан сакайып башташты. Стационарларда бейтаптар азайды, кээ бир стационарларда бейтаптар жок. Чыгымдарды оптималдаштыруу жана адам ресурстарын үнөмдөө үчүн бейтаптар аз келген 3 стационардын иши убактылуу токтотулду. Калган стационарлар Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарылоо алгоритми менен иштеп жатышат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда шаардыктарга 137 адам медициналык жардам көрсөтүп жатат: 40 дарыгер, 50 медайым, 30 санитар жана ыктыярчылар.

Бир айдын ичинде Бишкектеги күндүзгү стационарлар 88 миң 668 адамды, түнкү стационарлар 9 миң 203 адамды кабыл алган. Жалпысынан түнкү жана күндүзгү стационарлар 97 миң 891 адамга медициналык жардам көрсөтүп, 503 адам ооруканага жаткырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>