Сооронбай Жээнбеков: Латын алфавитине өтүүнүн кажети жок

Сооронбай Жээнбеков: Латын алфавитине өтүүнүн кажети жок

Президент Сооронбай Жээнбеков латын алфавитине өтүүнүн кажети жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал  Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев менен болгон жолугушууда айткан.

[su_quote]Биздин маданий, илимий потенциал кириллицага негизделген шартта калыптанып, ийгиликтерди жаратты. Биз ашыкча талкууга убакыт коротпой, колдогу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен максаттарыбызды ишке ашырып, өнүгө беришибиз керек.[/su_quote]

Ошондой эле ал мамлекеттик тилди күнүмдүк турмушта гана пайдалануу менен чектелбей, баардык тармакта кеңири пайдалануу зарылдыгын эске салган.

Белгилей кетсек, быйыл  “мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгына 30 жыл толду.

Буга чейин Жогорку Кеңеште, Билим берүү министринин кызмат ордуна Каныбек Исаковду  кароо учурунда депутаттар тарабынан латын арибине  өтүү маселеси козголуп, социалдык тармакта кызуу талкууга алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>