Курулуш министрлигинде 1,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталдыСокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылдыКыргызстандын парламентинин төрагасы Москвада эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелерин көтөрдүКыргызстан жерлерди калыбына келтирүү боюнча эл аралык программага кошулдуКытайлык компания Кыргызстанда дрон чыгаруучу завод курууну пландоодоБишкекте ысык суунун тарифи өзгөрдү
Сооронбай Жээнбековду Орусияга кимдер коштоп кетти?
27.02.2020 | 09:52
Бүгүн, 27-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышуу үчүн Москва шаарына учуп кетти.
Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапарынын биринчи күнүндө Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, анда кыргыз-орус мамилелеринин азыркы абалы жана келечеги талкууланат.
Ушул эле күнү эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат.
Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин жана Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуулары пландалган.
Делегациянын курамы:
- Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков;
- Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;
- Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов;
- Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров;
- Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев;
- Жогорку Кеңештин депутаттары Канатбек Исаев, Марат Аманкулов, Тынчтык Шайназаров, Евгения Строкова, Талант Мамытов, Бактыбек Турусбеков, Гүлнара-Клара Самат;
- Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев;
- Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев;
- Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат