Караколдо заманбап шаардык пляж ачылды — сүрөттөрЫсык-Көлдөгү коопсуздук: ӨКМ күн сайын рейддерди өткөрүүдөТрамп «төртүнчү мөөнөт» тууралуу тамашалап, «Trump 2028» жазуусу бар кепка кийдиЫсык-Көлдө Өзбекстандын маданият күндөрү башталат: 200 артист келдиАт-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдөКыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүн
Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылган жаран оозун тигип алып Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине барды
27.02.2020 | 09:52
Кыргызстандын Москвадагы элчиликке эркек киши оозун тигип алып барган. Ал саясатчы Садыр Жапаровду абактан чыгаруусун талап кылган. Бул тууралуу Mash телеграмм каналы маалымдады.
Саламан уулу Жаныбек ал өзү оозун тигип алып, жалгыз митингге чыккан. Ал плакатка « Садыр Жапаровго боштондук, мен өлкөм үчүн ачкачылык жарыялайм, жаркын келечек үчүн» деп жазып алган.
Элчиликтин алдында Саламан уулун милиция кызматкерлери алып кетишкен.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо өткөн митингде Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди «барымтага алган» деген айып менен 11 жыл алты айга кесилген. Өткөн жылдын апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом