Сооронбай Жээнбековдун Казак президенти Токаев менен расмий жолугушуу аземи болду — фото

Сооронбай Жээнбековдун Казак президенти Токаев менен расмий жолугушуу аземи болду — фото

 Бүгүн, 27-ноябрда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз-Казак мамлекет башчылары Сооронбай Жээнбеков менен Кыргызстанга келген  Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында, чет элдик мамлекеттердин башчылары жана делегациялары менен салтанаттуу жолугушуулары өтүүчү «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Андан соң Кыргызстан Казакстандын  Жогорку мамлекеттер аралык Кеңешинин 5-жыйыны өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>