Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
“Сосновка” постунан жүк ташуучу унаалар өткөрүлө баштады
09.12.2024 | 10:01
Бишкек – Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда жүк ташуучу унаалар өткөрүлө баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Министрлик белгилегендей, кечээ, 8-декабрда Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу максатында саат 17:20дан тарта “Сосновка” постунда жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилген.
Аталган чектөө бүгүн, 9-декабрда саат 09:00дө алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом