Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Сот Адахан Мадумаровдун аппеляциялык арызын кабыл алган жок
06.05.2024 | 15:14
Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун аппеляциялык арызын кабыл алган жок. Бул тууралуу соттон билдиришти.
Өкүмгө каршы даттануу мөөнөтү өтүп кеткендиктен арыз артка кайтарылды.
Белгилей кетсек, 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык жана бийликтен аша чабуу айыбы менен күнөөлүү деп тапты. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза берилген жок. Саясатчынын жактоочулары 29-апрелде шаардык сотко аппеляциялык арыз жолдошкон.
26-апрелде Боршайком анын депутаттык мандатын алды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат