Кооптуу аймакта жашаган 2,4 миң үй-бүлө жардамды алгандан кийин көчпөй койгон

Кооптуу аймакта жашаган 2,4 миң үй-бүлө жардамды алгандан кийин көчпөй койгон

Кыргызстанда 3 миң 872 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитетинин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов билдирди.

Анын айтымында, 2 миң 472 үй-бүлө мамлекеттик жардамды жана жер тилкесин дагы алышкан. Бирок кооптуу аймактан көчпөй койгон.

«1 миң 460 адам жардам алган эмес. Кооптуу аймакта жашаган жарандарга 200 миң сомдон ссуда берилет. Ал эми жер тилкесин жергиликтүү бийлик органдары бөлүп берет», — дейт ал.

Акылбек Мазариповдун маалыматында, көбү ата-бабасы жашаган жерди таштап кетүүдөн баш тартат.

«2017-жылы Аюу-Сай айылында 24 киши жер көчкү астында калган. Бир жума мурун барып, көчүп кеткиле деп айтканбыз. Көбүнчө кетпейбиз деп тил кат жазып беришет. Малга ыңгайлуулугун карайт», — дейт ал.

Депутат Нуржигит Кадырбеков жарандар өз өмүрүн жана коопсуздугун биринчи орунга коюусу керектигин айтты.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ӨКМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>