Сузакта жабыркаган 4 бала жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду

Сузакта жабыркаган 4 бала жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду

Сузактагы кырсыкта жабыркаган төрт балага Бишкек медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Операция ийгиликтүү болуп, алардын абалы жакшырып калгандыктан жандандыруу бөлүмүнөн травматологияга которулду.

Дагы 6 баланын абалы жакшы деп бааланат жана алар дарыланууну улантууда.

Бут-сөөктөрү сынган бир балага кийинки жуманын шаршемби күнүнө операция жасоо пландалууда.

Эскерте кетсек, 2-майда Сузактын Катмы жайлоосунда «Манас» айтып жаткан балдарды Porter тебелеп кеткен. 48 жаштагы айдоочу Баатыр Атамкулов көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин айткан.

Өтө оор абалдагы 10 бала 3-майда Жалал-Абаддан Бишкекке которулду.

Иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 кызматкер тартиптик жазаларын алышты.

Президент Сузактагы окуяда жабыркаган балдардан кабар алды 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: сузак

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>