Сот укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровго өкүм чыгарды

Сот укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровго өкүм чыгарды

Бүгүн, 19-июнда Биринчи май райондук соту укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровго өкүм чыгарды.

Сот Илязбек Тажыбаев Токтонасыровду 330-берененин 1-бөлүгү (расалык, этностук, улуттар аралык кастыкты козутуу) боюнча күнөөлүү деп таап, 100 миң айыппул салды.

Токтонасыров ага чыккан өкүмдү мыйзамсыз деп эсептерин айтып, Бишкек шаардык сотуна апелляция менен кайрыларын билдирди.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 30-июнда болжол менен саат 21:00до белгисиз адамдар Өндүрүш Токтонасыровду Чүйдүн Лесное айылындагы үйүнөн ак жигулиге салып кеткен. Кийинчерээк алар милиция кызматкери экени, Токтонасыров ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, кайра кое берилгени белгилүү болгон.

ИИМ Өндүрүш Токтонасыровго «Фейсбуктагы» билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.

Өндүрүш Токтонасыров учурда 65 жашта. Ал укук коргоочу, жарандык активист катары таанымал. Өлкөдө жана дүйнөдө болгон окуяларга кайдыгер болбой, жарандык позициясын ачык билдирип келет. Токтонасыров өткөргөн акциялар өзүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат.

Кылмыш иши козголгонго чейин ал Украинадагы согуш, Кемпир-Абад иши жана башка маселелер боюнча сын-пикирин байма-бай айтып келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>