Абдирасулова: Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров үйүнө кайтып келди

Абдирасулова: Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров үйүнө кайтып келди

Белгисиз адамдар унаага салып кеткени айтылган укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Белгилүү болгондой, Токтонасыровду милиция кызматкерлери алып кетип, ал ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген.

«Аны документтерге кол коюуну талап кылышкан. Бирок ал баш тарткан. Эртең мененки саат 10:00го (ИИМге – ред.) кайра чакырылды», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, буга чейин белгисиз адамдар Өндүрүш Токтонасыровду ак жигулиге салып кеткени айтылган.

Белгилүү болгондой, 30-июнда болжол менен саат 21:00до белгисиз адамдар Өндүрүш Токтонасыровду Чүйдүн Лесное айылындагы үйүнөн ак жигулиге салып кетишкен. Өндүрүш Токтонасыровду унаа салып кеткендер 4 адам болгон.

Белгисиз адамдар Өндүрүш Токтонасыровду унаага салып кеткени айтылды

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>