Белгисиз адамдар Токтонасыровду унаага салып кеткени айтылды

Белгисиз адамдар Токтонасыровду унаага салып кеткени айтылды

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду белгисиз адамдар жигули унаасына салып кетти. Бул тууралуу Өндүрүш Токтонасыровдун келини билдиргенин укук коргоочу Азиза Абдирасулова кабарлады.

Анын айтымында, бүгүн, 30-июнда болжол менен саат 21:00до белгисиз адамдар Өндүрүш Токтонасыровду Чүйдүн Лесное айылындагы үйүнөн ак жигулиге салып кетишкен. Өндүрүш Токтонасыровду унаа салып кеткендер 4 адам болгон.

Азиза Абдирасулова Өндүрүш Токтонасыровду унаага салып кеткендер жарандык кийим кийген милиция кызматкерлери болушу мүмкүн деп болжолдоодо.

Аталган окуя боюнча алар милицияга арыз менен кайрылышкан.

Учурда Өндүрүш Токтонасыровдун телефонуна чалуу кетпей, ал менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

ИИМ укук коргоочунун кармалып-кармалбаганы боюнча расмий маалымат бере элек. Басма сөз кызматы менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Абдирасулова: Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров үйүнө кайтып келди

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>