Бишкектин Свердлов райондук соту журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Мамыркулованын бөгөт чарасы бүгүн, 22 мартта каралып, жабык өттү. Соттук процесске журналисттер, Мамыркулованы колдоп келген активисттер, ал турсун кызы киргизилген жок. Милиция кызматкерлери сот имаратынын кире беришиндеги эшикти жаап алды.
Сот кеңешме бөлмөсүнө кеткенден кийин Мамыркулованын кызына апасы менен жолугуп чыгууга уруксат берилди.
Бөгөт чараны кароо бир нече саатка созулуп, анын эки саатын сот кеңешме бөлмөсүндө өткөрдү.
Жыйынтыгында сот Мамыркулованы эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ал 19-майга чейин камакта болот.
Анын жактоочусу Нурбек Сыдыков райондук соттун чечими боюнча экинчи инстанцияга апелляция менен кайрылышарын билдирди.
Эскерте кетсек, милиция Канышай Мамыркулованы 20-мартта үйүнөн кармап кеткен.
Кийинчерээк милиция Мамыркуловага соцтармактагы жазгандары үчүн «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси менен иш козголгонун билдирген.
Анын жактоочусу Нурбек Сыдыков Мамыркуловага соцтармактагы жазгандары үчүн кылмыш иши козголгонун айткан. Ал билдиргендей, Мамыркулова мыйзамда каралган укугунан пайдаланып, соцтармактагы баракчасы аркылуу өз ой-пикирин билдиргенин, мыйзам бузбаганын жана массалык башаламандыктарга чакырык жасабаганын айткан.
Канышай Мамыркулова – таанымал журналисттердин бири. Акыркы жылдары ал «Фейсбук» аркылуу бийликке ачуу сын айтып келет. Ал кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек ара келишимдери боюнча да бийликке сын айткан.