Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Стационарларда иштеп жатып каза болгон студент «Эрдик» медалы менен сыйланды
15.07.2020 | 21:08
Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы катары эмгектенип жатып каза болгон Адинай Мурзабекова «Эрдик» медалы менен сыйланды.
Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлайт.
“И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Мырзабекова Адинай Замирбековна өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды”, – деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Адинай Мырзабекова 14-июлга караган түнү жумуш аяктагандан кийин эс алганы жатып, ошо бойдон өзүнө келбей каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом