Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы командалык эсебинде жеңүүчү болду«Мадина» базарында өрттөн аман калган кездемелер 50 сомдон сатылып, дуба үчүн таратылуудаКөчмөндөр оюндарында салбуурун боюнча жеңүүчүлөр аныкталдыШакира «Бишкек Аренада» концерт берет — Президенттин иш башкаруучусуКыргызстандын курамасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча финалда 7:2 эсебинде жеңишке жеттиКыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча финалда 12:0 эсебинде жеңүүчү болду
Стационарларда иштеп жатып каза болгон студент «Эрдик» медалы менен сыйланды
15.07.2020 | 21:08
Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы катары эмгектенип жатып каза болгон Адинай Мурзабекова «Эрдик» медалы менен сыйланды.
Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлайт.
“И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Мырзабекова Адинай Замирбековна өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды”, – деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Адинай Мырзабекова 14-июлга караган түнү жумуш аяктагандан кийин эс алганы жатып, ошо бойдон өзүнө келбей каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом