Түркиянын Стамбул шаарында жоголуп кеткен 20 жаштагы Жазгүл Шамуратова табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ал бүгүн, 5-июлда табылган.
«ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгы Түркия ИИМдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликтеги аракеттеринин жыйынтыгында 5-июлда Стамбул шаарында 20 жаштагы Жазгүл Шамуратованы табышкан. Азыркы учурда, Стамбул шаарынын Кадыкөй райондук полиция бөлүмүндө Жазгүл Шамуратованын жоголуп кеткендигинин себептери такталууда», — деп билдиришти ИИМден.
Эскерте кетсек, буга чейин Жазгүл Шамуратова Түркияда дайынсыз жоголгону тууралуу кабарланган. Ал Болгарияга кетүү үчүн Кыргызстандан Стамбулга 22-июнда учуп барып, 25-июнда бери дайынсыз болуп жаткан.
Стамбулда жоголгон кыргызстандык Жазгүл дүкөнчүдөн жардам сураган
Биздин Телеграм каналга катталыңыз