Нарында милицияга экстремизм боюнча семинар өткөрүлүүдө

Нарында милицияга экстремизм боюнча семинар өткөрүлүүдө

Нарында милиция кызматкерлери үчүн экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-июлдан 8-июлга чейин Нарын облустук милициянын 150 жакын кызматкерине «Коомчулук арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу» аттуу темада семинар-тренинг уюштурулууда.

«ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү кызматынын демилгеси менен LEICA долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу аркылуу эл аралык эксперттердин катышуусунда бир жумалык семинар-тренинг өтүп жатат. 

Милиция кызматкерлери үчүн «Коомчулук арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу» аттуу темада туруктуу кызматташтыкты жана маалымат алмашуу каналын бекемдөө, аны өркүндөтүү, облус аймагындагы күч түзүмдөрү ортосунда терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун негизги багыттарын аныктоо жана коомчулук арасында экстремизмди, радикализмди алдын алуу иш-чараларын жакшыртуу максатында уюштурулду», — деп айтылат маалыматта.

Аталган семинар-тренинг ИИМдин ЭММКАКнын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери Манас Аманбаев, ИИМдин Академиясынын улук окутуучусу Медер Карабаев тарабынан LEICA долбоорунун өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулуп, кызматкерлерге «Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу», «Экстремисттик жана террористтик уюмдардын, материалдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү», «Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты» аттуу темалар боюнча  атайын даярдалган слайддар аркылуу баяндамалар жасалып, видеотасмалар көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, экстремисттик, террористтик жана деструктивдүү көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында жалпы коомчулук менен биргеликте иш-чараларды жүргүзүү багытында практикалык жардамдарды көрсөтүү менен эксперттер өздөрүнүн тажрыйбаларын бөлүшкөн.

«Семинарды өткөрүү учурунда, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер тарабынан жооптор берилип, аягында катышуучуларга  ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча 1500  ашык нускада усулдук китепче, буклеттер, эстеткичтер таратылды», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>