Суданда 50дөн ашуун адам табигый кырсыктын курмандыгы болду. Мезгилдүү нөшөрлөгөн жамгыр селге алып келди, тогуз миңге жакын үйдү суу каптады, чарбалар талкаланды.
Жаан-чачындуу мезгил июнь айынан сентябрга чейин созулат.
БУУнун маалыматы боюнча, быйыл өлкөдө 40 миңдей адам суу ташкынынан жапа чеккен. Өткөн жылы ондогон адамдар каза болуп, миңдеген имараттарды суу каптаган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда