Супара: Түрк дүйнөсүнүн этнокулинария фестивалы өтүүдө
Бүгүн, 5- июнь күнү, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин координациясында, ТҮРКСОЙ Эл аралык түрк маданияты уюму жана “Супара” этнографиялык комплексинин алдындагы “Supara Chunkurchak” энторезортунун уюштуруусунда “Супара: Түрк дүйнөсүнүн этнокулинария фестивалы” алгычкы ирет өтүп жатат. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.
Маалыматка караганда, фестивалга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Түрк маданияты (Түрксой)-эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, “Супара” этнокомлексинин башкы директору Жаңылсынзат Турганбаева баш болгон бир катар коомдук, маданий ишмерлер жана этнокомплексте эс алып аткандар катышышты.
[image_carousel source=”media: 190867,190868,190869,190870,190871,190872,190873,190874,190875,190876,190877,190878,190879,190880,190881,190882″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Фестивалда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан, Венгрия, Македония өлкөлөрүнүн белгилүү ашпозчулары өздөрүнүн улутуна таандык улуттук тамак-аштарды жасап, калыстардын сынына коюшат.
Бул иш-чаранын максаты-түрк маданиятынын ажырагыс бөлүгү болгон тамак-аш маданиятын жандандыруу, унутта калган азык-түлүктөрдү кеңири таанытуу, гастрономиялык туризмди өнүктүрүү. Алгач ашпозчулар диаспора өкүлдөрүнүн коштоосунда чыгып, тааныштырылып, өнөрпоздор тарабынан концерттик программа жана театралдаштырылган пролог тартууланган соң иш-чараны ачуу үчүн сөз Кайрат Иманалиевге, Султан Раевге, Жаңылсызнат Тургунбаевага берилди.
Министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев маданияттын дагы бир бөлүгү- дасторкон маданияты экенин белгилеп, “ар бир элде тамак тартуунун, даам сызуунун, дасторкон четинде өзүн алып жүрүүнүн өзүнүн эрежелери бар. Бүгүн кыргыз дасторконуна түрк тилдүү элдердин улуттук тамак-ашы жайылып, өзгөчө сынак болуп атат. Сынакты демилгелегендерге ыраазычылык билдирем жана катышуучуларга ийгилик каалайм”- деп сынакты ачык деп жарыялады.
Султан Раев ата-бабалар ак дасторкондо тил табышып, мамиле куруп, ынтымакка келишкенин айтып, “дасторкон биз үчүн- жашоо образ, философия, ар бир улут өзүнүн улуттук тамак-аштарын кастарлап келишет. Бул иш-чаранын башкы максаты- унутта калган азыктарды жайылтуу, ар бир улуттун тамак-аш маданиятынын өзгөчө филасофиясын көрсөтүү”-деди.
Жанылсызнат Тургунбаева азыр жашообузда тез даярдалчу азыктар кучак жайып турган учурда биз өзүбүздүн экологиялык жактан таза тамак-аштардын көөнө маданиятын көбүрөөк жайылтышыбыз керек экендигин белгилеп өттү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз