Сурабалдиева Байтиктеги окуучулардын уулануусун иликтөөгө тапшырма берди

Сурабалдиева Байтиктеги окуучулардын уулануусун иликтөөгө тапшырма берди

Вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева 23 окуучунун уулануу себебин иликтеп чыгууга тапшырма берди. Бул тууралуу  өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

«Мектептеги балдардын тамак-аштан массалык түрдө ууланышына жол берилбеши керек. Бул факт тыкыр иликтенип чыгуусу зарыл. Пандемия жана эпидемиологиялык абалдын кыйын учурунда өзгөчө көңүлдү ден-соолукту коргоого, иммунитетти чыңдоого, анын ичинде балдардын тамактануусун жакшыртууга буруу керек», — деген Сурабалдиева. 

Ошондой эле, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабыркаган балдар дарыланып жаткан Шаардык балдар клиникалык ооруканасына барып, алардын ал-абалынан кабар алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>