Кыргызстан парламентте аялдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда туратМанаста 6,8 млрд сомдук филармониянын курулушу токтотулуп, айрым обьектилер Курулуш министрлигине өттүБир жылда акыйкатчыга сот отурумдарына арызданып, 800дөн ашык адам кайрылганДепутат Cool Bros тигуучу фабрикасы мыйзамсыз тартып алуу боюнча билдирүү жасадыБишкекте 600 гараждын ордуна 1 миң 200 орундуу жаңы мектеп курулуудаЖогорку Кеңеште депутаттардын сүйлөөлөрүн спикер менен макулдашуу талабы киргизилди
Суучулдар Ысык-Көлдөн 15 миң метрден ашык тор чыгарышты
08.09.2025 | 10:13

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары үч күндө Ысык-Көлдүн түбүнөн жалпы узундугу 15 миң 100 метрди түзгөн мыйзамсыз салынган торлорду чыгарышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суучулдар 5-7-сентябрь күндөрү Түп районунун Күрмөнтү айылынан баштап, Ысык-Көлдүн Өрүктү айылына чейинки көлдүн аянтын тазалашкан.
Учурда көлдө ӨКМнын 30 суучулу тынымсыз тазалоо иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар