Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Суучулдар Ысык-Көлдөн 15 миң метрден ашык тор чыгарышты
08.09.2025 | 10:13

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары үч күндө Ысык-Көлдүн түбүнөн жалпы узундугу 15 миң 100 метрди түзгөн мыйзамсыз салынган торлорду чыгарышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суучулдар 5-7-сентябрь күндөрү Түп районунун Күрмөнтү айылынан баштап, Ысык-Көлдүн Өрүктү айылына чейинки көлдүн аянтын тазалашкан.
Учурда көлдө ӨКМнын 30 суучулу тынымсыз тазалоо иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар