Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Токмоктогу жол кырсыгында наристе көз жумуп, ата-энеси ооруканага түштү
08.09.2025 | 10:19

7-сентябрь, саат 23:30да Токмок шаарында оор жол кырсыгы катталды.
Милициянын Чүйдөгү кайгуул кызматынан билдиришкендей, 23 жаштагы мотоцикл айдоочу жолдон өтүп бараткан жаш үй-бүлөнү сүзүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен алардын 10 айлык наристеси ошол жерден көз жумду. Жабыркаган ата-энеси (экөө тең 21 жашта) ооруканага жеткирилди, келин учурда реанимацияда.
Окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар