1-апрелден тарта электр энергиясын колдонууга киргизилген чектөөлөр алынатБишкектин муралдары: Катревичтердин үй-бүлөсү эски дубалдарга кантип жан берет?Сергей Шойгу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысына согуш жылдарындагы элдердин эрдиги тууралуу уникалдуу китептер сериясын тапшырдыЧүйдүн Новопокровка айылында 100 орундуу төрөт үйү ачылат«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодоКыргызстан Орусияга сабиз экспорттоону көбөйтүүдө
Суусамырда аскердик унаа аласалып, ырчы кыз каза болду
30.03.2021 | 12:47
Коргоо министрлигинин көчмө концерттик тобу Бишкек-Ош жолунда кырсыкка учурап, бир адам каза тапты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жол кырсыгы кечээ, 29-мартта Ош-Бишкек жолунун Суусамыр өрөөнү аркылуу өткөн бөлүгүндө болгон. Анда 1981-жылы туулган Н.А. аттуу аскер кызматкери окуя болгон жерде каза болуп, дагы 5 адам жаракат алып ооруканага түшкөн.
Такталбаган маалыматтарга караганда, мерт кеткен адам Нурзат Ажыкожоева аттуу ырчы.
Алдын ала маалыматтар боюнча, аскердик унаанын айдоочусу катаал аба ырайына байланыштуу рулду башкара албай, унаа ала салып кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар