Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Ошто партиянын өкүлү шайлоочулардын добушуна 500 сомдон убадалаган
30.03.2021 | 12:04
Ош шаарында партиялардын талапкерлеринин бири шайлоочулардын добушуна 500 сомдон убадалаган. Бул тууралуу координациялык кеңештин Ош шаарындагы ИИМ боюнча өкүлү видео байланыш аркылуу билдирди.
Анын айтымында, Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алкагында 15 кылмыш иши козголду. Алардын экөөсү боюнча соттук териштирүү жүрүүдө.
“Мамырова деген талапкер тарабынан ар бир шайлоочуга 500 сомдон каражат берилери убадаланган”, – деди Ош шаары боюнча ИИМдин өкүлү.
Ал эми калган 12 материал аныкталган эмес.