Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Суусамырда аскердик унаа аласалып, ырчы кыз каза болду
30.03.2021 | 12:47
Коргоо министрлигинин көчмө концерттик тобу Бишкек-Ош жолунда кырсыкка учурап, бир адам каза тапты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жол кырсыгы кечээ, 29-мартта Ош-Бишкек жолунун Суусамыр өрөөнү аркылуу өткөн бөлүгүндө болгон. Анда 1981-жылы туулган Н.А. аттуу аскер кызматкери окуя болгон жерде каза болуп, дагы 5 адам жаракат алып ооруканага түшкөн.
Такталбаган маалыматтарга караганда, мерт кеткен адам Нурзат Ажыкожоева аттуу ырчы.
Алдын ала маалыматтар боюнча, аскердик унаанын айдоочусу катаал аба ырайына байланыштуу рулду башкара албай, унаа ала салып кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар