Суверенитетке умтулган каракалпак эли тууралуу эмне белгилүү?

Суверенитетке умтулган каракалпак эли тууралуу эмне белгилүү?

1-июлда Каракалпакстан Республикасынын борбору Нукуста (каракалпак тилинде No’kis, монгол тектүү уруунун аты, байыркы шаар калдыгынын ордуна негизделген шаар) эл толкуду. Нааразылык акциялары Каракалпакстандын Чыбай жана Муйнак шаарларына да жайылды. Жаңы өзгөртүүлөргө чет жакта, анын ичинде Казакстанда жашаган каракалпактар да нааразы.

Өзбекстандын ички иштер министрлиги митингдерге жарандардын нааразылыгына конституциялык реформалардын туура эмес чечмелиниши себеп болгонун билдирди. Бийлик нааразычылыкты күч менен басууга аракет кылды. Нукуста учурда мобилдик интернет өчүрүлгөнү айтылууда. Ал эми Каракалпакстандын расмий бийлиги бул нааразычылык акцияларын тышкы күчтөр козуткан, ички бейбаштар уюштурган массалык баш аламандык деп жарыялады. Мындай учурда боло келгендей, бийлик элди, кайсы бир тышкы күчтөрдү айыптады, күч колдонду, активисттерди камады, элге сес көрсөттү, маалыматты чектеди. Нааразычылыктын конституциялык укукка, саясий статуска, суверенитетке байланыштуу жана каршылыктын тарыхый өбөлгөсү бар.

Суверенитетке тарыхый умтулуу

Адеп, 1924-жылы Кара-Калпак автоном облусу түзүлгөн, борбору Төрткүл шаары болгон. Облус ошондо эле кеңири аймакты ээлеген: Түркстан АССРинин Амударыя облусунун, Хорезм ССРинин Кожалы жана Коңурат райондору автоном облусунун аймагы болуп эсептелген. 1925-жылы февралда Казак АССРинин курамында Каракалпакстан Автономиялык облусу түзүлгөн. Ал эми 1930-жылы июнда Кара-Калпак автоном облусу Казак АССРинин курамынан чыгарылып, РСФСРдин курамына киргизилет. 1932-жылы жазында облус Каракалпак АССРи болуп кайра түзүлөт да, борбору Нукус шаары аталат. Каракалпак АССРи 1936-жылы 5-декабрда Өзбек ССРинин курамына кирет. Казак элитасы Борбордук Азиянын эң байыркы улуту, мамлекеттүүлүк тарыхы узак, империя түзүү тажрыйбасы бар кыргыздар менен жер талаш, журт талашка көбүрөөк алаксып, килейген Каракалпакстанды алдырып жиберген. Кыргыз элитасы каракалпак журту тургай, өз жерлерин улам четинен коңшу республикаларга алдырып, тарыхый акысы бар аймактарды ээлеп калганга, сактап калганга чамасы жеткен эмес. Орто Азия калктарынын ичинен алгачкылардан болуп, 1990-жылы 14- декабрда Каракалпак АССРинин парламенти (Жоқорғи Кенгес – расмий аталышы) Мамлекеттик суверенитет жөнүндө декларация кабыл алган. Ушул актыда көз карандысыздыкка жетүү идеясы камтылган. Бирок буйдала түшкөн республика негедир ал максатына жеткен эмес, 1992-жылы 9-январда Каракалпак Республикасы деп аталат, бирок кийинки эле жылы 20 жылдык мөөнөткө Өзбекстандын курамына кирүү тууралуу мамлекеттер аралык келишимге кол коюлат. Келишимде референдум аркылуу Өзбекстандын курамынан чыгуу укугу тууралуу жобо камтылган.

Бирок 2013-жылы келишим мөөнөтү аяктагандан кийин республиканын статусуна байланыштуу чоң өзгөрүү болгону жок. Бул маселе республикада кеңири масштадба, жогорку деңгээлде көтөрүлгөн эмес. Алга, Каракалпакстан сымал айрым саясий кыймылдар, чамасы азыраак топтор, негизинен жаштары гана кеп кылган. Алар да арбыта албай, ушул маселени козгогондор кысымга кабылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Эми так ушул жобону эстетип, чыкмак турсун, республиканын суверенитетин чектеген жоболор конституциялык өзгөртүүлөрдө камтылып отурушу соңку 30 жыл ичиндеги эң ири толкундоону, катуу нааразычыкты жаратты. Эми да «Алга, Каракалпакстан» кыймылы нааразычылык акциясына демилгечи болгонун маалымдашты. Анын жетекчиси Даулетмурат Тажимуратов камалгандан кийин нааразылык курчуганын билдирген. Нукуска шашылыш учуп келген президент Мирзиеев коомдук коопсуздукка жана тынчтыкка шек келтирген ар кандай адамдар катуу жазаланат, кырдаалды жөнгө салууга чамабыз жана эркибиз жетиштүү деген билдирүү жасап, республикада өзгөчө кырдаал жарыялады.

Чыр биринчи ирет чыгып отурганы жок. Буга чейин, 2008, 2014-жылы да нааразычылык акциялары болгон. Анда да Ислам Каримов Нукуска келип, бас-бас кылып, тынчыткан. Учурда Каракалпакстан Республикасы Өзбекстан Республикасынын курамындагы суверен республика (аракеттеги баш мыйзамдын 70-беренеси). Президенттик мөөнөтүн узартып, бийлигин бекемдегиси келген өзбек лидери Шавкат Мирзиеев быйыл жаңы конституцияны демилгелеген. Негизги идеялары — президенттик мөөнөттү 5 жылдан 7 жылга чейин узартуу жана Ислам Каримов көз жумгандан кийин, 2016-жылы бийликке келген Шавкат Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөтүн эсептен чыгаруу.

Бирок аракеттеги баш мыйзамдагы Каракалпакстан Республикасы Каракалпакстандын жалпы элдик референдумунан кийин Өзбекстан Республикасынын курамынан чыгуу укугуна ээ (74-беренеси) деген негизги жобо сунушталган конституциянын жаңы долбоорунда жокко чыгарылып, Каракалпакстан Республикасы өз аймагындагы мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигин Өзбекстан Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына жана Каракалпакстан Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына жараша жүргүзөт. Каракалпакстан Республикасынын Жоқорғи Кенгесинин төрагасы Каракалпакстан Республикасынын кызмат адамы болуп саналат деген аныктама менен алмаштырылган.

Өзбекстандын президенти көп күттүрбөй үн катты

Президент Мирзиеев ыкчам жана ийкемдүү реакциясы жасады. Конституцияга Каракалпакстандын суверенитети боюнча долбоорлонгон жоболорду киргизбөөнү сунуштады. Демек, жаңылыштыкты мойнуна алып, артка чегинип, катачылыкты оңдоого аракет жасады. Ошентсе да каракалпак элинин көбү учурдагы конституциялык статуска буга чейин макул эле. Эми минтип тарыхый укук, бир кездеги келишим, өз алдынчалык идеясы козголуп отурат. Нааразычылыкка эл өзүнөн өзү чыкпайт, тышкы күчтөр да ичте өбөлгө болбосо эч нерсе жасай албайт, ар кандай конфликтти бийлик өзү жаратат. Каракалпак эли ар кандай формада мамлекеттүүлүк түзүүгө умтулуп келген. Умтулуу, аракеттер толук ишке ашып, өз алдынча, бирдиктүү мамлекетке ээ болгон учур тарыхта кездешпейт. Демек көксөө канааттандырыла элек, эл муратына жете элек. Бирок тарыхый укукту ишке ашырууга, көз карандысыздыкка реалдуу саясий кырдаал, эл аралык укуктун практикасы жана мамилеси, Каракалпакстан менен Өзбекстандын чиеленишкен тагдыры жол бериши күмөн.

Эли тууралуу эмне билебиз?

Каракалпак эли Борбордук Азиянын башка элдериндей эле гундар, сактар, кыпчактар аралашкан, түрк тилдүү, көчмөн жана жарым көчмөн эл. Түркологдордун ырасташынча, түрк тилдеринин кыпчак группасында сүйлөшөт. Маалымат үчүн: Каракалпакстан Өзбекстандын жалпы аймагынын үчтөн бир бөлүгүн ээлеп турат. Борбору — Нукус. Каракалпакстан Республикасы Өзбекстандын түндүк-батышында жайгашкан, Казакстан жана Түркмөнстан менен чектешет.Бул республиканы Өзбекстандын 35 миллиондой калкынын 1,8 миллионго чукулу байырлайт. Калакалпакстандын калкынын 1/3 бөлүгүн өзбектер (32,8 %), дээрлик ошончо бөлүгүн каракалпактар (. 32,1 %), калгандарын казактар (32,6 %) жана башка улуттун өкүлдөрү түзөт. Ачык булактарда каракалпактардын саны 825 миң адам экени, анын 500 миңге жакыны Каракалпакстандын өзүндө жашай турганы көрсөтүлгөн. Калктын улуттук курамынын динамикасында кызык жагдайлар бар. Мисалы, 1926-жылы өзбектер 1926-жылкы эл каттоодо 84, 0 миң болсо, 1939-жылы 116, 1989-жылы 398, миңге жетип, дээрлик 4 жарым эсеге өскөн. Казактар 1926-жылы 86 миң, 1939-жылы – 130 миң, ал эми 318 миңге жетип, 4 эсеге көбөйгөн. Ошол эле учурда каракалпактар 1926-жылы 116 миң, 1939-жылы 158 миң, 1989-жылы 389 миңге жетип, өз жеринде аты аталган этносторго караганда саны кыйла жай өскөн (эки жарым эсе). Кыргыздар 1926-жылы 277, 1989-жылы 867 адам. Илимпоздордун айтымында, каракалпактар 11-кылымда Арал деңизинин жээгинде пайда болгон эл. Сырдарыя (каракалпактар Жандарыя атайт) менен Амударыя ортосунда кеңири аймакта көчүп-конуп, бирде саясий аренада пайда болуп, кайра добушу өктөм угулбай келген журт. Майда хандыктар, уруу бирикмелери, анан Хива, Хорезм сыяктуу ар кайсы хандыктын курамында же карамагындагы эл катары белгилүү. Майда хандыктарда хан бийлиги негизинен Чыңгыз тукумунун өкүлдөрүнүн энчисине тийип келген.

Орто кылымдардагы тарыхый булактарда “кара калпак” кийген эл тууралуу маалыматтар көбүрөөк кездеше баштайт. XIV кылымдын аяк ченинде Ногой хандыгын негиздеген нойгут (айрым маалыматтарда маңгыт) уруусунан чыккан Едигейди каракалпактардын бирдиктүү мамлекети катары эсептеген окумуштуулар да бар. Ногой хандыгы Алтыуул, Кичи ордо жана Чоң ордо болуп үчкө чачыраган соң, Сырдарыя боюндагы каракалпактар биригип, өз алдынча хандык түзүү аракетин көрөт. Күчүк хан, Тобурчак султан, Гайып султан сыяктуу башчыларынын аракети майнапсыз болгон, буга негизинен ошол мезгилде калмак жапырыш башталышы, каракалпактардын туш-тушка качууга аргасыз болушу себеп болгон. Ошондон бери өз алдынча мамлекеттүүлүк идеясы ишке ашпай келген.

Каракалпактар насили кыргыздарга жакын эл, кандаш эл, тектеш журт. Эки элде тең бир нече орток, ири уруулар бар: мисалы коңурат, кыпчак, ногой, маңгыт, катаган ж.б. Кыргыздар менен каракалпактардын салты окшош. Тили казактарга көбүрөөк жакын, дээрлик окшош. Бирок ошол эле учурларда иранизм басымдуу. Кыргыз-каракалпак мамилеси тарыхта негизинен ойрот-жунгар баскынчыларына каршы күрөштө бирге уруштар менен белгилүү. Кай бир санжырада ак калпак кыргыз менен каракалпак эгиз имиш, бири Ала-Тоодо калып, бир чөл кезип, Аралга кеткен деп айтылат. Тынч мезгилде ич ара уруштар болуп турган. Айрыкча Иле боюндагы кыргыздар менен каракалпактар ортосунда ар кандай майда чабыштар болуп келген. Ошондой кагылыштардын биринде каракалпактардын башчысы Эшмат курман болот. Кыргыздарда “каракалпак Эшматтын кунундай созулду” деген лакап кеп калган. Эшматы каракалпактардын көтөргөн туусу, журт башкарган мыктысы көрүнбөйбү, бекеринен каракалпактар улам кун доолап, кек кубалап, өч алгыгысы келип, кыргыздарга бир топ убара кылганын улуу муун кеп кылат. Кыргыз мамлекетин жаңы шартта жаңы форматта кайра калыбына келтирген көйкашка кайран муундун өкүлү Жусуп Абдрахманов тээ 1922- жылы Тянь-Шандан Аралга чейинки аймакта, Кыргыз-каракалпак республикасын түзүүнү бекеринен демилгелебесе керек. Каракалпакстандын экономикасында айыл чарбасы, балык чарбасы басымдуулук кылат. Устюрт аймагындагы газохимия өндүрүшү кирешелүү тармак болуп эсептелет. Соолуган Аралдын терс таасири, кумдуу чөл, суунун тартыштыгы, газ өндүрүшүнүн зыяны, химиялык ишканалардын калдыгы сыяктуу көйгөйлөр бул аймакты экологиялык жактан кооптуу деген аныкытамасына кошул-ташыл. Кирешелүү деген газ, нефть өндүрүүдөн түшкөн пайда калкты кыйгап өтүп, анын жашоо деңгээлине оң таасири сезилерлик эмес. Калкы жакыр жашайт.

Эл жакшылары же элитасы…

Каракалпактар не Казак АССРинин, не РСФСРдын курамында кезинде ушул республикалардын жогорку бийлик сересине чыккан эмес. Ал эми Өзбекстандын курамы кезинде Өзбекстан Республикасынын жогорку бийлигинде каракалпак иштегени тууралуу маалымат жок, андай учур кездешпейт. Маселен, Кыргызстанда башка улуттар премьер-министр, министр деңгээлинде совет мезгилинде да, эгемендүүлүк учсурунда мүнөздүү көрүнүш. Бирок эгеменгдүүлүк кезинде кыргыз коңшу республикаларда жогорку кызматтарга көтөрүлбөптүр. Биз го, биз, башка өлкөнүн жарандары. А каракалпактар неге Өзбекстандын элитасында татыктуу орун ээлей албаганы кызык жагдай. Дегеле Өзбекстан Советтер Союзунун курамында деле калган Орто Азия республикаларына жана Казакстанга караганда көбүрөөк эркинддикке ээ болуп келген. Кыргызстанда, Казакстанда орус улутундагылар республикалык деңгээлде жетекчи (Борбордук комитеттин экинчи катчысы, ал тургай Казакстанда биринчи катчы, министрлер кеңешинин төрагасы, министр, коопсуздук комитети, депутат), көрүнүктүү ишмер болушу кадыресе көрүнүш эле. Өзбекстанда мындай көрүнүш кездешпейт. Эми да Өзбекстанда башка улуттан жетекчилер жок. Учурда Россиянын орбитасынан алыс. Евразия биримдигине кирбей койду, ОДКБдан чыгып кетти, тышкы саясатта ээн- эркин саясат жүргүзөт.

Тышкы таасир

Каракалпакстандын расмий бийлиги айыптаган тышкы күчтөр деле азырынча байкалбайт. Албетте, бул темада конспирологиялык маанайда узак кеп кылса болот, бирок кашкайган белгиси жана далили болбогондуктан, сөз кылуунун өзү натуура. Казакстандын коопсуздук кызматы Өзбекстан тараптан маалыматтык система иштен чыкканы тууралуу кабар келип түшкөндөн кийин өткөрмө бекеттеги чектөөлөр киргизилгенин, Каракалпакстан—Бейнеу (Мангыстау темир жол бекети) темир жол каттамын да убактылуу токтотуу мерчемделип жатканын кабарлады. Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Луганск жана Донецк жикчил республикаларын квазимамлекеттер, улуттардын өз тагдырын өзү аныктоо укугу менен мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү бири бирине каршы келген жоболор деп билдирген жайы бар. Демек Каракалпакстандын суверенитетке умтулуусун колдоп жибериши күмөндүү. Коңшу Түркмөнстан үн катканы жок. Калгандары да унчуга элек. Тышкы дүйнөнүн реакциясы билинер-билинбес, бейгам сыяктуу. Албетте, Россиянын, Борбордук Азиянын медиамейкиндигинде маалымат жарыяланды, бирок расмий баа берилип, позиция айтылганы жок. Эки жагы бөрү тил найзаны төшкө такап туруп сунганга эч кимиси даабайт. Европа деле кайдыгер сымал. Алдыңкы жана таасирдүү медиагенттиктери кеп кыла элек. Болгону Норвегиядагы Хельсинки комитети Өзбекстандын бийлигин Нукустагы тургундардын митингге чогулуу эркиндигин сыйлоого чакырды. Айтор ушул саатта сезимтал реакция байкалбайт.

Кур дегенде “адам укугу” деп бакырып алчу адаты бар Европа менен АКШ үн катканы жок. Непадам башка бир жерде митинг болсо айтылчу даяр билдирүүлөр жарыяланбады. Мындай көңүл кош реакция тыштагы ири оюнчулардын, дүйнөлүк окуялардын негизги аныктоочуларынын Өзбекстанга карата лоялдуу мамилесин каңкуулап отурат. Бирок тышкы реакция ар дайым чыныгы мамилени чагылдырбайт, керек учурда пайдаланып кетүүгө жарактуулар арбын, демек окуяга мамиле, кырдаалдын перспективасы али алдыда. Канеткен күндө да ушул окуялар Каракалпакстандын суверенитетин, Өзбекстандын дараметин сынап туру. Экөө шайкеш келиши да, келбеши да ыктымал. Бирок биз а-бу деген менен, маселе элдин эркинде.

Алмаз Кулматов, тарыхчы

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>