Сузакта “Хизб ут Тахрир” уюмунун мүчөлөрү кармалды (видео)

Сузакта “Хизб ут Тахрир” уюмунун мүчөлөрү кармалды (видео)

31-майда УКМК тарабынан Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 6 активдүү жактоочусу кармалды. Аталган адамдар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан. Бул тууралуу УКМКНын басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында экстремисттик мүнөздөгү көп сандагы адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор жана электрондук алып жүрүүчү каражаттар табылды.

Бул адамдар «ХТИ» ДЭУнун катарына жаңы жактоочуларды тартуу максатында жергиликтүү калк арасында экстремисттик идеологияны үгүттөө иштерин системалуу түрдө жүргүзүп келишкен.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

УКМК жарандарга Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>