Нооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгилендиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайт
Сузакта күйөөсүнөн токмок жеген келин каза болду
03.06.2022 | 09:36
Сузак районунда күйөөсүнүн ур-токмогунан улам 39 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, анын эжеси катуу ур-токмоктон улам каза болгонун жана жездесине карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факт каттоого алынып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси боюнча (“Адам өлтүрүү”) кылмыш иши козголгон.
Арыз ээсинин айтымында, аялдын колунда, башында жана буттарында көк ала тактар болгон.
Бул иш боюнча шектүү кармалып, ал өз көрсөтмөсүндө мас абалда болгонун жана аялын чаап салганын билдирген. Ал эртең менен аялынын жансыз денесин тапкан.
Шектүү камакка алынып, учурда териштирүү улантылууда.