Ишеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгиленди
Сузакта мектептин чатырынан өрт чыкты
23.05.2025 | 09:30
Бүгүн, 23-майга караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылынын жеке менчик мектебинен өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Тилсиз жоо саат 02:34тө чектөөгө алынып, 03:34тө толук өчүрүлгөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн жалпы аянты болжол менен 1800 чарчы метрди түзүп, мектептин 3-кабаты өрттөнгөн. Жабыркагандар жок.
Учурда атайын комиссия курамы түзүлүп, өрттүн келип чыгуу себептери, материалдык чыгымдарды тактоо жумуштарын алып барышууда.
Аталган мектеп 2016-жылдан баштап иштейт, анда 400дөн ашуун окуучу билим алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар