Сузакта жабыркаган балдардын ата-энелерине психологдор жардам берүүдө
Сузакта “Манас айтуу” сынагы учурунда унаа тебелеп кеткен окуучулардын ата-энелери үчүн кризистик борбор уюштурулду. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Ата-энелерге жатакана, тамак-аш уюштурулуп, психолог педагог жардам көрсөтүүдө.
“Министрлик учурда медициналык уюмдар жана бардык тиешелүү тараптар менен кызматташып, жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү аракетинде”, – дейт мекеме.
Бул окуяга байланыштуу окуучулардын катышуусу менен өтүп жаткан “Урааным Манас” кароо сынагы республика боюнча токтотулду.
Белгилей кетсек, республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө 3 миллион сом байге каралган.
Эскерте кетсек, 2-май күнү Сузактын Жерге-Тал айылында «Манас» айтуу кароо сынагы учурунда жүк ташуучу унаа 29 баланы сүзүп кетип, 18и ооруканага түштү.
Унаанын айдоочусу камакка алынды.
“Табалабагыла”. Уюштуруучулар Чүйдө жана Нарында “Манас” айтуу сынагын токтотту