Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Сузакта жаран кошунасына көчөдө бычак сайып качып кеткен
19.03.2024 | 14:17
14-март күнү Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын 47 жаштагы тургуну бычактан алган жаракат менен ооруканага түштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, аны кошунасы кечки саат 20:00 чамасында көчөгө чакырып, ортодо уруша кетип, ага бычак сайып, окуя болгон жерден кетип калган.
“Адам өлтүрүүгө аракет жасоого” шектелген жаран кыргыз-өзбек чек арасынан кармалды.
Анын баш коргоо чарасы Сузак райондук сотунда каралып, 2 айга камакта калтыруу бөгөт чарасы тандалып алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал