Көк бөрүнүн финалында «Достук» менен «Ынтымак» ойной турган болду

Көк бөрүнүн финалында «Достук» менен «Ынтымак» ойной турган болду

Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү боюнча мелдештин Жогорку лигасынын финалында ойной турган командалар белгилүү болду.

Жогорку лигада адаттагыдай 6 команда оюн көрсөтүүдө. Алар: “Сары-Өзөн”, “Мурас”, “Ийгилик”, “Достук”, “Ынтымак” жана “Ысык-Ата”. Командалар А жана В тайпаларына үчтөн бөлүнүн ойноодо.

А тайпасында “Сары-Өзөн”, “Мурас”, “Ийгилик”, ал эми В тайпасында “Достук”, “Ынтымак” жана “Ысык-Ата” командалары жайгашкан.

Биринчи тайпада “Сары-Өзөн” командасы эки оюнун тең утуп, өз группасында алдыга чыккан. Ал эми экинчи орунду “Мурас” ээлеген.

В тайпасында “Достук” командасы “Ынтымак” менен “Ысык-Атаны” жеңип, өз тайпасында биринчи орунду алган. Экинчи орунга “Ынтымак” татыды.

Белгилүү болгондой, буга чейинки мелдештерде өз тайпасында биринчи орунду ээлеген 2 команда алтын байге үчүн, ал эми экинчи орундагылар мелдештин коло байгеси үчүн ат салышып келген. Быйыл эрежеге өзгөртүү кирди. Ага ылайык А тайпасында биринчи орун алган команда менен В тайпасында экинчи орунда турган команда жана В тайпасында биринчи орундагы команда А тайпасында экинчи орунга илинген команда менен жарым финалдык беттеш өткөрүп, финалга чыга турган командалар аныкталары тууралуу чечим кабыл алынган.

Жарым финалдык беттештер бүгүн, 19-мартта өтүп, “Ынтымак” менен “Сары-Өзөн” ойноду. Натыйжада “Ынтымак” 5:1 эсебинде жеңишке жетти.

Ошондой эле “Достук” менен “Мурас” ойноп, “Достук” 11:4 эсебинде жеңүүчү болду.

Эми жарым финалда жеңишке жеткен “Ынтымак” менен “Достук” финалда ойной турган болду.

“Мурас” менен “Сары-Өзөн” коло байгени талашат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>