Лилия Хафизова: Айымдардан мыкты тергөөчү, криминалист жана ыкчам кызматкер чыгат

Лилия Хафизова: Айымдардан мыкты тергөөчү, криминалист жана ыкчам кызматкер чыгат

Кыргызстанда ички иштер органдарында иштеген айымдар арбын. Алардын бири — Лилия  Хафизова. Ал бала кезинен милиция кызматкери болууну кыялданган. Учурда Лилия  Хафизова ИИМдин  окуу борборунун Ош шаарындагы филиалынын улук окутуучусу болуп иштейт. Милициянын подполковниги.

Билим алуучу жер – жаш кадрлардын устаканасы

2004-жылы Ош ОИИБнин жашы жете электерди адаптациялоо жана реабилитациялоо борборунда тажрыйба өтүп жаткан учурда, ал жерде иштеп жаткан милиция формасындагы айымдарды көрүп, аларга абдан суктангам элем. Бала кезимден баштап, бардык кылмышкерлер менен күрөшүп, кыялымда форма кийип иштегим келген. Мектепти бүткөндөн кийин Ош Мамлекеттик университетинин психология кафедрасында окуп, билим алдым. Бирок балалык кыялыма жетиш үчүн Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясынан да окуп, дипломго ээ болгон соң милициянын генерал-майору Ж. Шабиров атындагы ИИМдин окуу борборунун филиалынын курсуна тапшырдым. Милициядагы эң биринчи ишимди Ош ОИИБдин кайгуул-күзөт кызматында катардагы милиция болуп баштадым. 2008-жылы тергөө бөлүмүнүн уюштуруу-усулдук бөлүмүндө офицердик наамды алып, кызматымды уланттым. 2017-жылдан баштап окутуучу кызматында эмгектенип келе жатамын.

Негизи милиция тармагы башка кесиптерден кескин айырмаланып турат. Биринчи кезекте тартипти, жоопкерчиликти алдыга коюп, ошол эле маалда окутуучу катары биз жаңы кадрларга үлгү болушубуз керек. Жаңы гана милицияга келип жаткан жаш кадрлар милициянын ишин биздин окуу жайга келгенден баштап сезип, биле баштайт. Ошондуктан билим алуучу жер бул деген жаш кадрлардын устаканасы дейт элем.  Анткени, биз, окутуучулар ИИОдо иштөө жөнүндө алгачкы түшүнүктөрдү кандай берсек, келечектен ошончо сапаттуу кызматкерлерди алабыз. Биз курсанттарды  окутуудан тышкары ИИОнун башка түзүмдүк бөлүмдөрүндө, мектептерде, ЖОЖдордо конок лекцияларды өткөрөбүз.

ИИОнун кызматкери спикер, актер жана юморист да болушу керек

Мугалим болуп иштөө — билим берүү гана эмес, бул биринчи кезекте окуучулар менен мамиле түзүү. Менин оюмча аудитория менен мугалимдин ортосунда ар дайым байланыш болушу керек. ИИОго талапкерлердин көпчүлүгү атайын орто билимге же толук эмес жогорку билимге ээ, негизги бөлүгү башка адамдар менен официалдуу мамиле түзгөн эмес, тактап айтканда мамлекеттик түзүмдөрдө иштешкен эмес. Семинардык сабактарда окуган балдар доскага жооп бергени чыкканда «Мен аудиториянын алдында сүйлөөдөн сүрдөп жатам»-деп айтышат,  андай учурда  мугалимдер окуучуларга бул тоскоолдукту жеңүүгө жол көрсөтүп, багыт берип, үйрөтүшүбүз керек. Мен ар дайым биздин окуучуларга «ИИОнун кызматкери спикер, актер жана юморист,  ишенимди бекемдей алган кызматкер болушу керек»-деп айтып келем.

Айымдар ИИОдо мырзалар менен тең тайлашып иштеп келет

Аялзатынын ички иштер органдарындагы орду өзгөчө десем болот. Коомдун стереотиптеринин биринде — аял кагаз иштерин гана жасашы керек деген түшүнүк бар. Бул жерде гендердик теңчиликти унутпашыбыз керек, бирок биздин менталитетте аялдар үй милдеттерин да, балдарды тарбиялоону да, турмуш-тиричиликти да алып барышы керек. Арийне айымдар ИИОдо мырзалар менен тең тайлашып иштеп келишет. Айымдардан мыкты деген тергөөчү, криминалист жада калса ыкчам кызматкер да чыгат. Бирок, башында айткандай аялзаты үйдө очоктун куту болуш үчүн, көпчүлүк учурларда мырзаларга жол бошотууга туура келип калат.

Милициянын катарына келгениме өкүнгөн күндөр да болгон

Ачыгын айтканда айрым учурларда укук коргоо органдарынын кызматкери болгонума өкүнгөн күндөр да болгон. Башында формага кызыгып келип алгандан кийин милициянын иши оор экендигин кызмат учурунда сездим. Ар кандай майрамдарда аялзаты катары үйдө болуу шарт эмеспи, милиция болгондон кийин күчөтүлгөн кызмат учурунда биз иште болобуз. Үйдөгүлөр, тааныштар баары эс алып жаткан учурда биз  кызмат өтөйбүз, же үй-бүлөгө көбүрөөк убакыт бөлө албай калабыз. Башында мындай абалга кептелгенде өзүмө өзүм аябай таарынып жүрдүм, анткен менен кийин көнүшүп кеттим. ИИОдо 17 жыл кызмат өтөгөнүм мага мугалим катары да, жоопкерчиликтүү кызматкер катары да өзүмдөгү кыял-максаттарды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берди. Мындан тышкары ар кандай түзүмдөрдүн өкүлдөрү, сот, прокуратура, мэриялар менен таанышуу жана баарлашуу менен ар дайым жаңы нерселерди үйрөнүп, келечек муунга билимимди, тажрыйбамды бөлүшүп жатам.

Тыкандык жана сергектик милиция кызматкеринин башкы сапаты

Болочоктогу милиция кызматкерлерин даярдоодо эмнелерге көңүл бурушубуз керек? 2023-жыл ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумда ички иштер министри тарабынан коюлган тапшырмалардын бири бул: өздүк курам арасында таалим-тарбияны күчөтүп, моралдык принциптерди бийик койгон кадрларды даярдап, кызматкерлердин деңгээлин жогорулатуу боюнча окутуп-үйрөтүү жумуштарын аткаруу. Ардагерлер менен иштөө, алардан жакшы насааттарды алып, өздүк курамга жайылтып, мекенди сүйүү, өлкөнүн коопсуздугун көздүн карегиндей коргоо жана патриоттуулукту чыңдоого үндөгөн иштерге басым жасоо. Мына ушул багытта алдыга коюлган тапшырмалар аткарылып жатат. Мындан тышкары, орустардын макалы бар «Кийим-кече менен тосуп алышат, акыл-эси алкагында узатат» деген, мен ага кошулам жана сырткы көрүнүшү тыкан, мыйдайча айтканда формасы чыкыйган кызматкер жарандардын ишенимин арттыра алат деп эсептейм. Айтылгандай, сырткы көрүнүшкө өзгөчө көңүл буруу керек. Кызматкердин кесиптик этика кодексинде чач кыркуудан баштап таза бут кийимге чейин айкын белгиленип, көрсөтүлгөн. Январь айында бул боюнча биздин талапкерлер видоеролик да даярдашкан. Анан, албетте, логикалык ой жүгүртүүсү, тез чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгү, ченемдик-укуктук актыларды билүү, өзүн дайыма жакшыртуу, спорт менен машыгуу, сергек жашоо образын жүргүзүү үлгүлүү кызматкер болууга зор өбөлгө.

Жашоодо өз ордумду таптым

Окуучулар, курсанттар «Сиз берген билим үчүн рахмат!» — деп айтып калышат. Кээде ИИОнун кызматкерлери болуп калгандан кийин телефон аркылуу чалып же жазып ыраазычылыктарын билдирип турушат. Мындай учур мен үчүн чоң жетишкендик деп эсептейм. Мындан улам мен жашоодо өз ордумду таптым деп да айта алам. Менин кызым келечекте криминалист болгусу келет, ал  менин жумушумда бир жолу талапкерлердин манжа издерин кантип алууну үйрөнгөнүн көрүп, андан кийин манжа изинин экспертизасы, манжалардагы ар кандай жана уникалдуу оймо-чиймелер жөнүндө окуп, «мен дагы кылмыштын бетин ачууга салым кошконду каалайм» деп калат. Баланын кызыгуусун дайыма колдош керек, андыктан кызымдын тандоосуна каршы эмесмин, анын каалоосунун ишке ашышын колдойм.

Өзүңө гана ишен!

Бала кезимден эле жаныбарларды абдан жакшы көрчүмүн. Көчөдө калган мышыктын балдарын көрсөм эле үйгө алып келээр элем, андан тышкары үйгө кирпи, коңуздар, жарадар канаттуулар жана чычкандарды алып келген учурларым да болгон. Алып келген мышыктын балдарын апам жуунтуп, бүргөлөрдөн тазалап, тааныштарына таратып берчү. Бир жолу курбу кыздарым менен жаныбарларды издеп Керме-Тоо тоосуна барып, өйдө көтөрүлө албай же ылдый түшө албай ортодо калгам. Коркуп ал жерде көпкө чейин ыйладым, анан мени кинодогудай  тик учак менен куткарат деп ойлодум.  Бирок, эч ким  келген жок. Бут кийимимди чечип, жылаңайлак ылдый түшүүгө туура келди. Ошондон бери  бул жашоодо өзүңө гана ишениш керектиги сабак болгон.

Жан дүйнө боштугун сейилдөө менен толтурам

Тамакты алдын-ала даярдап, азык-түлүк автоунаага жүктөп, таң эрте жолго чыкканды жакшы көрөм. Мен кызым жана апам менен түштүктү дээрлик кыдырып, Сары-Челек көлүнүн жаратылышына, Айгүл гүлүнүн кооздугуна суктанып, Сафед Булан ыйык жерин, Токтогул суу сактагычын жана башка көптөгөн жерлерди кыдырдым. Андан сырткары детектив жанрында китеп окуганды жакшы көрөм, анткени кылмышкерди божомолдогонду жакшы көрөм.

Маектешкен Кубаныч Заинидинов

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>