Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Сузакта жүк ташуучу унаанын астында калган кыз мерт кетти
01.11.2021 | 14:21
Жалал-Абаддын Сузак районунда окуучу кызды таш жүктөп бараткан унаа сүзүп кетти. Кыз алган жаракатынан каза болду.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Октябрь айылынын тургуну оор жүк ташуучу унаа менен бир нече тонна таштарды жүктөп бара жаткан, ал эми кыз жол четинде болгон.
Айдоочу рулга ээ боло албай, жолдун четине чыгып унаа оодарылып кеткен. Ал учурда жол четинде турган кызды сүзгөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар