UFC чемпиону жана ДКОнун амбассадору Валентина Шевченко Бишкекке келди«Кытай КРдин бир жылдык энергиясын 13 саатта эле өндүрөт»: Минкаб КЭР менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн түшүндүрдүКырчын жайлоосунда ӨКМнын көчмө госпиталы кызмат көрсөтөт«Мен ашык болдум»: фэшн-инфлюенсер Куинь Ань Шин Кыргызстанга суктанды300 катышуучу жана чоң келишимдер: Бишкекте Кыргыз-кытай инвестициялык форуму өтүүдөБишкектиктерди жылытуу мезгилине алдын ала көмүр камдап алууга чакырышты
Сузакта жүк ташуучу унаанын астында калган кыз мерт кетти
01.11.2021 | 14:21
Жалал-Абаддын Сузак районунда окуучу кызды таш жүктөп бараткан унаа сүзүп кетти. Кыз алган жаракатынан каза болду.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Октябрь айылынын тургуну оор жүк ташуучу унаа менен бир нече тонна таштарды жүктөп бара жаткан, ал эми кыз жол четинде болгон.
Айдоочу рулга ээ боло албай, жолдун четине чыгып унаа оодарылып кеткен. Ал учурда жол четинде турган кызды сүзгөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар