Ош шаарындагы Хохлова көрүстөнүнүн ордуна көчөттөр отургузулуп, жашыл аймакка айланатКыргызстанда балдардын жасалма сүт аралашмаларынын жана соскалардын жарнамасына толук тыюу салуу сунушталуудаӨлтүрүп, сөөгүн көмүп салган. Кара-Балтада 38 жаштагы жаран кармалдыАКШда төрт адамдын өлүмүнө шектелип жаткан кыргызстандык 28,5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүнКыргызстандын ИДПсы 8,8%га өстүЖибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат
Сүлүктү, Лейлекте сел үйлөрдүн короосун, көчөлөрдү каптады
06.05.2024 | 11:03
5-май күнү Лейлек району менен Сүлүктү шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Райондун Сумбула, Ак-Суу, Катраң айыл аймактарында, Сүлүктү, Раззаков шаарында жана Ош — Раззаков унаа жолун суу каптап, үйдүн короолоруна кирген.
Сүлүктүдө 1 дүкөнгө, 7 үйдүн короосуна, 6 жертөлөгө сел суулары кирип, 5 убактылуу жасалган көпүрөнү агызган. Бир балдар бакчасынын тосмосунун 30 метрдей бөлүгү бузулган.
Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар