Түштүк Кореядан 12 кыргызстандык өлкөгө кайтып келди

Түштүк Кореядан 12 кыргызстандык өлкөгө кайтып келди

Кыргызстандын 12 жараны эл аралык чартердик каттам менен Түштүк Кореядан кайтып келди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, алар алгач Алматыга конуп, андан бери унаа менен Бишкекке жеткирилген.

Кайтып келгендердин баары медициналык алгоритмге ылайык, обсервацияга алынган.

ТИМден кошумчалагандай, чет өлкөлөрдөгү мекендештерди ар кандай жолдор менен өлкөгө кайтаруу иштери уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>