Түштүк Сахалин жана Владивостокто добуш берүү аяктады — видео

Түштүк Сахалин жана Владивостокто добуш берүү аяктады — видео

Түштүк Сахалин жана Владивостоктогу шайлоо тилкелеринде добуш берүү аяктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.

Анын айтуусуна караганда аталган эки тилкеде добуш берип аяктаган, бирок башка өлкөлөрдөгү шайлоо берүү тилкелери активдүү иштөөдө.

“Чет өлкөлөрдө жалпы 48 шайлоо тилкелери иштеп жатат.  Алардын экөөсүндө Түштүк Сахалиндеги жана Владивосток шаарындагы шайлоо тилкелеринда добуш берүү аяктап жабылды. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринде медициналык талаптарды сактоо менен кадимкидей өтүүдө”, — деди Мадмаров. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>