Түтүнгө каршы күрөшүү: Бишкекте айрым мектептин от казандары газга өтөт

Түтүнгө каршы күрөшүү: Бишкекте айрым мектептин от казандары газга өтөт

Бишкектеги экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын алкагында, көмүр жагылган от казандар газга өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Борбор калаанын мэриясынын маалыматына ылайык, жалпыга билим берүү мекемелеринин от казандарын газдаштыруу үчүн тендер жарыяланды.

Жумуштун сметалык баасы 6 миллион 198 миң 875 сомду түзөт. Каражат шаардык бюджетте каралган.

От казандары газга өтө турчу мектептер:

  • No12 бала бакча;
  • №23 мектеп;
  • No35 мектеп;
  • №15 мектеп;
  • No54 мектеп;
  • No59 мектеп;
  • №32 мектеп;
  • Майып балдарды реабилитациялоо борбору.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>