Таалайбек Нуралиев ЖАМК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Таалайбек Нуралиев ЖАМК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Нуралиев Таалайбек Молдалиевич Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Нуралиев бул кызматка ушул жылдын февраль айында дайындалган болчу.

Белгилей кетсек, Таалайбек Нуралиев 2010-жылдан 2017-жылга чейин Нарын облустук милициясын жетектеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>