Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Тайвань Кытайга жооп кайтарды
27.12.2022 | 23:30
Тайвандын президенти Цай Инвэн Кытайдан күчөп бараткан коркунучка даярдануусу керек деп, милдеттүү аскер кызматын төрт айдан бир жылга узартканын жарыялады.
Бул Тайвандын жээктеринде Кытай армиясы өткөргөн аскердик машыгууларга жооп болду. Маневрлердин алкагында Кытай өз аймагы деп эсептеген аралга 71 учак жана 7 кеме жөнөтүлдү.
Бээжин белгилегендей, «бул АКШ менен Тайвандын азыркы кездеги тил табышуусуна жана провокацияларына катуу жооп болду».
Өлкөлөр ортосундагы мамиле август айында АКШ Конгрессинин спикери Нэнси Пелоси Тайванга баргандан кийин начарлап кеткен.
Ноябрь айында өткөн Чоң жыйырмалыктын саммитинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШ президенти Жо Байденге Тайвань маселеси Кытай-АКШ алакасындагы “кызыл сызык” экенин айткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар