Ооганстанда бейөкмөт уюмдар ишин токтотту

Ооганстанда бейөкмөт уюмдар ишин токтотту

Ооганстандагы төрт ири гуманитардык уюм өз ишин токтотту. Алар мындай чечимди талибдер аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнө тыюу салгандан кийин кабыл алышкан, алардын саны өлкөдө 180ден ашат.

Эл аралык жардам агенттиктеринин өкүлдөрү бул азык-түлүк жана экономикалык каатчылыктын шартында калк үчүн каргашалуу болорун эскертишүүдө.

«Биз Талибан бийлигин бул чечимди мүмкүн болушунча тез арада жокко чыгарууга чакырабыз. Бул ооган экономикасы кыйроого учурап, экономиканы калыбына келтириш үчүн жумушчу күчтүн бир бөлүгү катары аялдарга муктаж болгон эң начар учурга туш келди»-деди Ооганстандагы качкындар боюнча Норвегиянын кеңешинин директору Нил Тернер.

Талибандын Экономика министрлигинде аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнө тыюу салынышын алардын айрымдарынын хиджаб кийбей жатышы менен түшүндүрүшкөн. Бул чара Ооганстандагы аялдардын укуктарын жана эркиндиктерин башка чектөөлөр менен бирдей.

Өткөн аптанын башында бийлик кыздардын университеттерде окуусуна тыюу салган, ошондой эле дресс-кодду бузганы үчүн Ооганстандын шаарларында  нааразылык  жаралган.

Соңку күндөрү Кабулда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, көчөлөрдө блокпосттор, бронетранспортерлор, талиптердин атайын күчтөрү жана куралдуу укук коргоо органдары көбөйдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Ооганстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>