Тайванда болгон жер титирөөдө кыргызстандыктар жабыркаган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, Тайванда 60 кыргыз жараны жашайт. Анын 12си жер силкинген Хуалянь аймагында болушкан. Алар зилзаладан зыян тартышкан эмес.
Белгилей кетсек, 3-апрелде Тайванда жер силкинип, күчү 7,2 баллга жетти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз