Өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаран эркиндикте жүрөт

Өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаран эркиндикте жүрөт

Өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаран эркиндикте жүрөт, ал жазадан кутулуп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу кыздын атасы билдирип, Акыйкатчы институтуна кайрылган.

Атасынын айтымында, кызын зордуктоо боюнча сот отуруму 2023-жылдын май айынан ушул күнгө чейин дээрлик бир жылдан бери созулуп келе жатат.

Кыздын атасы тергөө жана сот учурунда да кыздын укугу бузулуп жатканын айтып, зордуктоого шектелип жаткан айыпталуучу жазадан кутулуп кетиши мүмкүн деп чочулайт.

«Сотто айыпкердин жактоочусу аны актоо үчүн кызымды каралап жатат. Зордуктоо 2022-жылдын декабрь айында болгон. Ошондон бери биз адилеттик үчүн күрөшүп келебиз. Бирок тергөө жана прокуратура органдары тарабынан биздин укуктарыбыздын одоно бузулушуна туш болуп жатабыз. Мыйзамга ылайык, жабыр тарткандардын укуктарын коргоону камсыз кылууга милдеттүү болгон мамлекеттик органдар далилдерди жоготуп, ал эми экспертиза ар кандай корутунду чыгарып жатат», — дейт ал.

Ал билдиргендей, тергөөдөгү беттештирүү учурунда кылмышка шектүү кызды спирт ичимдиктерин ичирип, мас кылып зордуктаганын моюнуна алган.

«Ошондой эле ал кызыма боюна болтурбоо үчүн дары ичиргенин да айтып берген. Сурак кылмышка шектүүнүн жактоочсунун катышуусунда болгон. Ал эми сурактын жүрүшү видеого тасмага тартылып турган. Тергөөчүнүн тактап сурган суроолорунун баарына шектүү жооп берип, тастыктап берди. Мунун баары шектүү кармалган биринчи күнү болгон. Ошол эле учурда тергөөчү соттук-медициналык экспертиза өткөрүү жөнүндө токтом жазып берген. Экспертиза кыздын кыздык белгисинде бузулуу бар деп зордуктоого кабылганын тастыктады. Эксперттин алдын ала корутундусу ишке тиркөө үчүн тергөөчүгө өткөрүп берилген», — дейт кыздын атасы.

Бирок бир аз убакыттан кийин баары өзгөрө баштаган.

«Кылмыш иштин материалдарында шектүү зордуктоону мойнуна алган видео жок экени белгилүү болду. Алардын айтымында, тартуу иштери башталганда камеранын иштетүү баскычын басууну унутуп калышкан имиш. Ушул кантип болсун? Зордуктоо ырасталгандан бир нече күн өткөндөн кийин, мага эксперттик кызматтан телефон чалып, экспертиза жүргүзүү үчүн кайра келүүнү суранышты. Биз келсек, ал жакта бизди 4-5 дарыгер күтүп жатышыптыр. Алар текшерүү жүргүзүшүп, жыйынтыгында эч кандай кыздык белгиси бузулган эмес жана жабыркоо жок экенин айтышты. Биз ачууланып, жеке клиникадан гинекологду чакырдык. Ал кызбыздын зордуктоого кабылганын аныктап берди. Бирок, ошентсе да экспертиза бизге кыздык белгиси бузулган эмес жана жабыркоо жок деген корутундуну берип коюшту», —  дейт  кыздын атасы.

Жабырлануучу кыздын атасынын айтымында, 2022-жылы 7-декарда 2007-жылы туулган 15 жаштагы кызы мектепке кеткен бойдон үйүнө келген эмес. Алар ошол эле күнү Аламүдүн райондук милициясына арыз менен кайрылган.

9-декабрда милиция кызматкерлери кыздын уюлдук телефону аркылуу болжолдуу жайгашкан жерин табышкан. Издөө иштеринин жыйынтыгында, кыз Бишкектеги Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен табылган. Андан тышкары, батирде эки жигит жана дагы бир кыз болгон. Алар милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Милицияда кыздын атасы кызы табылганын, аман-эсен экенин, дооматынан баш тартарын билдирип арыз жазыш керек болчу. Бирок ал маалда башка кабинетте отурган кызы терезеден секирүүгө аракет кылган. Ошол учурда аны токтотконго жетишип калышкан. Ошондо кыз ыйлап, кармалгандардын бири аны зордуктаганын айтып берген. Кыздын атасы бул иш боюнча дароо милицияга арыз жазган. Бирок кылмыш башка райондо болгондуктан, иш башка райондук милицияга өткөрүлүп берилген. Ал эми кылмышка шектүү дароо кармалган.

Андан сырткары, кыз табылган үйдө тинтүү иштери жүргүзүлгөндө, кыздын билологиялык суюктуктар бар колготкиси табылган.

Бирок тергөө учурунда шектүүнү Казакстанда жүргүзүлгөн экспертизанын талаштуу корутундусуна таянып кое берип жиберишкен. Азыр ал дээрлик бир жылдан бери эркиндикте жүрөт.

Бул факт боюнча акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды кыздын укуктарынын камсыздоого чакырды. Ошондой эле ал соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү учурунда кыздын укуктарынын бузулушу боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү расмий кат жолдойт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>