Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Таксиге отуруп, унаасын айдай качкан 19 жашар кыз кармалды
22.03.2022 | 17:53
Бишкекте такси айдоочусунун унаасын уурдай качкан кыз кармалды. Бул туурасында енин райондук милициясыдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-март күнү К.А. аттуу такси айдоочусу унаасын уурдай качкан белгисиз жаранга чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал 16-март күнү таңга жуук Mitsubishi Carisma унаасы менен эл ташып иштеп жүрүп, кезектеги чакырыкка барган. Аны жеткирип бара жатып жолдон дүкөнгө кирген, ошол учурда кардары унаасын айдай качкан.
Бул факты боюнча иликтөө башталып, унааны уурдай качкан Э.С. аттуу 19 жаштагы кыз колго түшкөн. Көрсө, ал жолдон көп узабай жол кырсыгына кабылып, унааны таштай качкан.
Ушул тапта тергөө иштери башталып, шектүү 1 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар