БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Навальный 9 жылга күчөтүлгөн режимде абакка кесилди
22.03.2022 | 19:11
Москванын Лефортово райондук соту Алексей Навальныйды алдамчылык жана сотту мазактоо беренелери боюнча козголгон кылмыш иши боюнча тогуз жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кести. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.
Судья алдамчылык жана сотту мазактоо боюнча ишти жайдан тышкаркы отурумдарда Навальный жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Владимир облусундагы колонияда карады.
“Навальныйды тогуз жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесүүнү жана 1 миллион 200 миң рубль өлчөмүндө айып пул салынсын”, — деди судья.
Мамлекеттик айыптоо Навальныйга мурда чыгарылган өкүмдү, 13 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтүүнү жана 1 миллион 200 миң рубль айып пул төлөөнү эске алуу менен жазалардын жалпы санынын негизинде сурады.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар