БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Бүгүн «Москва–Бишкек» багыты боюнча аба каттамдар жанданды
22.03.2022 | 17:39
Бүгүн, 22-марттан тартып “Аэрофлот” авиакомпаниясынын “Москва–Бишкек–Москва” багыты боюнча эртең мененки каттамы жандандырылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москва-Бишкек каттамын күнүнө эки жолу, эртең менен жана түштөн кийинки убакта аткармакчы.
“Авиабилеттерге байланыштуу суроолор боюнча авиакомпанияга кайрылуу керек”,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Орусиянын “Аэрофлот” авиакомпаниясы 8-марттан тартып чет өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга да учкан бардык каттамдарынын убактылуу токтоткон. Бирок, аталган компания 14-мартта Кыргызстанга каттамын жандаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом