Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырдыАйдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча акция – КР бюджетине 350 миллион сом түшпөй калдыМинистрлер Кабинети аскердик жыйындардан өтүү үчүн жаңы төлөмдөрдү бекитти: Коргоо министрлиги түшүндүрмө берди1-апрелден тарта Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылатБашка өлкөлөрдө жүк ташуу үчүн КР айдоочуларына эл аралык айдоочулук күбөлүк керекАлтымышев көчөсүндөгү курулуштар буздурулуп, Ала-Арча дарыясынын жээги бошотулду
Талант Мамытов өзүнө жаңы басма сөз катчы дайындады
19.02.2022 | 12:17
Эркинбек Каимов Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койду.
Эркинбек Каимовдун журналистика жаатында чоң тажрыйбасы бар. Буга чейин ал Жогорку Кеңештин Аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынын жетекчиси, Жалал-Абад облустук мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн төрагасы. Ошондой эле КР Мамлекеттик телерадиокомпаниясында «Ала-Тоо», «Жетиген», «Кыргызстан», «Кыргызстан Жумалыгы» маалыматтык-аналитикалык берүүлөрүнүн алып баруучусу болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат